Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

ДҮЙНӨЛҮК БАНК ИРАНГА 1,3 МИЛЛИАРД ДОЛЛАР БЕРЕТ


Дүйнөлүк банктын адистеринин айтымында, Иран эл аралык базарда мунайдын кымбаттаганынан пайдаланып, олуттуу экономикалык проблемаларын чечип алган жок. Андыктан, банктын эксперттери Иранды мунай кирешеси көбөйгөнүнө карабай, узак максатуу саясый-экономикалык реформаны көз жаздымында калтырган региондогу көпчүлүк өлкөлөрдүн катарына кошушат. Бул маселе Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта корунун Вашингтондо өтүп жаткан жылдык жыйынында да каралмакчы.

Дүйнөлүк банктын байкашынча, мунайдын үч жыл катар кымбаттап баратканы Жакынкы Чыгыштын көпчүлүк өлкөлөрүнүн экономикалык өсүшүнө олуттуу түрткү берди. Бирок кирешеси мунайга көз каранды өлкөлөр улуттук келечегине кызмат кылчу жана узак мөөнөттү талап кылган саясый-экономикалык реформага маани беришкен жок. Алардын бири калкы тез көбөйүп бараткан Иран.
Дүйнөлүк банктын Жакынкы Чыгыш боюнча башкы экономисти Мустафа Набил жума күнү Вашингтондо өткөн пресс-конференцияда буларга токтолду:

- Иранда соода саясатынан тартып, финансылык секторго, суу тармагын башкарууга чейин, атап айтканда, өтө көп проблемалар чечүүгө муктаж. Ирандын жаңы өкмөтү зарыл багытта узак мөөнөт иш жүргүзгөнгө умтулат, жандуу жана жигердүү аракеттенет деп ойлойм жана үмүт кылам.

Мустафа Набилдин сөзү Дүйнөлүк банк апрелде жарыялаган изилдөөнүн жыйынтыгы менен үндөшүп кетет. Аталган изилдөөгө караганда, өткөн жылы 2002-жылга салыштырмалуу жумушсуздардын саны 4 процентке азайган жана азыр эмгекке жарамдуу калктын 11 проценти жумушсуз. Бирок демографиялык жагдай өлкөдө жыл сайын кеминде 700 миң жаңы жумуш ордун ачууну талап кылат. Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, Ирандын калкынын 9 миллиону жарды жашайт.

Иран элдин жарды катмарынын санын кыскартуу үчүн региондогу көпчүлүк өлкөлөр сыяктуу эле мамлекеттик башкаруудагы чыгашалуу ири ишканаларды менчиктештирүүсү, менчик сектор үчүн ыңгайлуу шарт түзүүсү, бюджетти коомчулуктун көзөмөлдөөсүнө жол коюусу жана коррупцияны ооздуктоосу зарыл, дешет эксперттер.

Дүйнөлүк банктын жетекчилигин Ирандын отун энергия тармагына өкмөттүн ашыкча көп финансылык колдоо көрсөткөнү да тынчсыздандырат. Азыр энегрия тармагына берилген субсидиянын көлөмү Ирандын ички дүң продукциясынын 10 процентине тете. Дүйнөлүк банк өлкөдөгү жакырлыкты кыскартуу үчүн бул каражатты менчик секторго буруу керек деп санайт.

Банктын Иран боюнча директору Йозеф Сабо мындай дейт:

- Иран үчүн субсидия өтө маанилүү. Биз анын жарды адамдардын муктаждыгына жумшалышын каалайт элек. Себеби азыр субсидия өтө эле максатсыз сарпталгандыктан, жалпы эл түгүл жарды катмар да андан ныпа көрбөйт. Андай болбош керек.

Дүйнөлүк банк Ирандагы түрдүү долбоорлорго, анын ичинде суу менен камсыздоо, таштанды сууларды тазалоо, жер титирөөдөн кыйраган тамдардын ордуна жаңы турак жай курууга 1 миллиард 300 миллион доллар берем деп милдеттенме алган.

XS
SM
MD
LG