Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

ЖАЛАЛАБАТТЫКТАР ӨЗБЕКСТАНДЫН КЫРГЫЗ ТАРАПКА БОЛГОН ДООМАТТАРЫН ЧЕКТЕ КАГУУДА


Учурда Ташкенде Анжиян окуялары боюнча сот жараяны жүрүп жатканда Өзбекстандын баш прокурорунун орунбасары Анжиян коогасына Кыргызстанда даярдалган «Хизб-ут Тахрир» партиясы катышкандыгы жана андан мурда курал-жарак Кыргызстанда сатылып алынганын айтып чыккан. Мындай пикир менен Жалалабат облусундагы жашыруун партиянын өкүлдөрү жана чыр-чатактардын алдын алуу боюнча иштеп жүрүшкөн эл аралык уюмдардын өкүлдөрү макул эмес.

Өзбекстандык жетекчилердин пикири боюнча, Анжияндагы митингге Кыргызстандын түштүгүндө даярдалган террорчулар катышкан. Мындай оюн Анжиян окуяларына байланыштуу Ташкенде башталган сот жараянында Өзбекстандын ,баш прокурорунун орунбасары Анвар Набиев дагы бир жолу жарыялады. Ага чейин аталган орунбасар «Хизб-ут Тахрир» партиясынын уюму Жалалабатта 300 миң АКШ долларына курал-жарак сатып алып, 13-майга караган түнү Анжиян шаарына өткөн деген билдирүүсүн тараткан:

- Кыргызстандын өкмөтүнүн жана мамлекеттик бийликтеринин аракетсиздиги жана кайдыгерлигинин натыйжасында террорчулар атайын базаларды жана машыгуучу жайларды уюштурушкан.

Орунбасардын мындай айыптоолоруна ылайык, Жалалабат облусунун күч, аскер, чалгын кызматтарына кайрылдык. Алар эч кандай комментарий бере албастыктарын билдиришти.

Өзбекстандын прокуратурасы айыптап жаткан «Хизб-ут Тахрир» партиясынын өкүлдөрү мындай доомат жашыруун уюмга такай коюлуп жаткандыгын айтышты:

- Өзбекстандын өкмөтү “Хизб-ут Тахрир” партиясына жогоркудай дооматтарды биринчи жолу коюп жатканы жок. Анжиян окуясын Өзбекстандын бийликтери ишкерлерге «террорист» деп жалаа тагып, өздөрү уюштурган. Элге күлкү болушту. Кыргызстанда эч кандай террорчуларды машыктыруучу база, же полигон бар экенин уга элекмин. Бул куру жалаа экендигин эл түшүнүп калды. Биздин партия бардык мусулман өлкөлөрүндө бар жана уюушлгандан тартып, курал албоого, идеологиялык, саясий иш жүргүзүүгө чакырылган - деди, жашыруун партиянын Жалалабаттагы мүчөсү Султанбек Бадалов.

БУУнун өнүктүрүү програмамасынын «Түштүк Кыргызстандагы келишпөөчүлүктөрдү жоюу» долбоору облустагы чыр-чатактардын себептерин изилдеп келүүдө. Долбоордун облустагы координатору Талант Кайымовдун көз карашында Жалалабат, Ош, Баткен облустарында курал-жарак сатылышы мүмкүн эмес:

- Биздеги укук коргоо органдары ар кандай чыр-чатакты алдын алуу, кылмыштуулукту болтурбоо, айрыкча курал сатуу боюнча көп иштерди алып барып атышат. Ага жол бербейт эле деп ойлойм. Кээ бир айылдарда ар кандай баракчаларын таркатканын көрүп атабыз. Бирок жер-жерлерге чыгып курал сатканын, алып жүргөнүн көргөн жокпуз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG