Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

АКШ Анжиан окуясы боюнча айыпталып жаткандардын биринин билдирүүсүн четке какты


Кошмо Штаттар өзбек башкалаасы Ташкенде май айында Анжиан шаарында орун алган кандуу окуяларга байланышту соттолуп жаткан 15 айыпкердин биринин, андагы өкмөткө каршы козголоңду каржылоого АКШ элчилиги көмөктөшкөн болушу мүмкүн деген билдирүүсүн төгүндөдү. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон Маккормактын айтымында, мындай ырастоого эч негиз жок. Ал ошондой эле АКШнын Анжиан окуясы боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүү керек деген турумун кайра кайталады. Вашингтон эл аралык комчулуктун көз карандысыз иликтөө жөнүндөгү чакырыгына кошулган соң, өзбек бийликтери быйыл июль айында АКШга Канабаддагы аба базасын жыл соңуна карата чыгарып кетүүгө көрсөтмө берген. Шон Маккормак белгилегендей, Кошмо Штаттар адам укуктарын жана демократияны коргоону ошол базаны пайдаланууга уруксат алуу үчүн садага чаппайт.

XS
SM
MD
LG