Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

МАГАТЭ ИРАН МАСЕЛЕСИНЕ ДАГЫ КАЙРЫЛАТ


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин өткөн ишембиде Ирандын өзөктүк программасы боюнча кабыл алган резолюциясы АКШ жетекчилигинин дипломатиялык жеңиши катары бааланууда. Бирок байкоочулардын баамында, Вашингтон үчүн бул – Тегеран багытында жетишилген эң жеңил ийгилик болуп калышы ажеп эмес.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик, же МАГАТЭ өткөн ишембиде Иран маселесин Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде кароону сунуш кылды. Аз гана артыкчылык менен өткөн резолюцияда мындай чечим Иран атомдук программасын жалаң жай турмуштук максатта пайдаланаарына ишенич жок экенинен келип чыкканы айтылат. Документте бирок Коопсуздук кеңеши Ирандын өзөктүк программасын качан караштыраары так көрсөтүлбөйт, дипломаттардын айтымында, эми МАГАТЭге мүчө өлкөлөр бул маселени кайра чогулганда добуш берип чечиши керек. Уюмдун келээрки жыйыны ноябрга белгиленген.

Андан сырткары элчилер Тегеран маселесин Коопсуздук кеңешине алып чыгууну колдоп добуш берген айрым өлкөлөр эмкиде башкача көз карашты карманышы толук ыктымал, деп эсептешет. Маселен, Батышты таң калдырып, Иранга каршы добуш берген Индия эмкиде дагы колдоп беребиз деп, эч кимге сөз берген жок. Ага кошумча МАГАТЭдеги добуш берүү укугуна ээ Башкаруу кеңешинен жакында АКШ жана ага өнөктөш Батыш өлкөлөрү чыгарылып, алардын ордун ротация боюнча Куба жана Беларус басаары күтүлүүдө. Андыктан, байкоочулар ишембидеги резолюция АКШнын Иран багытындагы эң оңой жеңиши болуп калышы ыктымал, деп белгилешет.

МАГАТЭнин резолюциясын ага мүчө 35 өлкөнүн 22си колдоп, Орусия, Кытай баш болгон 12 мамлекет калыс бойдон кала берип, Венесуэла жалгыз каршы добуш берди. Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хамид Реза Асефи Тегеран Батышты ээрчип добуш берген бардык өлкөлөр менен мамилелер кайра каралып чыгат деп эскертти:

- Биз МАГАТЭнин жыйынында Ирандын өзөктүк программасын Коопсуздук кеңешине алып чыгууну колдоп добуш берген өлкөлөр менен экономикалык катыш-байланыштарды кайра карап чыгып, аларды душмандардай эле караштырабыз.

АКШнын МАГАТЭдеги өкүлү Батыш өлкөлөрү дипломатиялык аракеттерден майнап чыкпаарына жедеп көзү жетсе, экономикалык санкцияларды караштырууга даяр, деп эскертти. Анткен менен, Вашингтондун бул сунушун бардык Европалык өлкөлөр кубаттайт деп айтуу кыйын. Кантсе да, көпчүлүк Батыш өлкөлөр Ирандан кара май сатып алат, Тегеранга экономикалык санкция жарыяланса, мунайдын баасы азыркыдан да кымбаттап кетиши ажеп эмес. Андай абал европалык керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгына төп келбээри турган иш. Анын үстүнө атын атагысы келбеген европалык дипломат айткандай, “Түндүк Корея кедей өлкө болсо да, соода тармагындагы эл аралык санкциялардан катуу жабыркап кеткен жок. Иран ага караганда алда канча бай өлкө, андыктан экономикалык чектөөлөр натыйжа берээри күмөн”.

АКШ жана Европа Биримдиги МАГАТЭнин ишембидеги резолюциясы Ирандын уранды байытуу программасын токтотууга алы жетет, деп үмүттөнгөн. Азырынча окуялар өнүгүшү ал үмүт акталбай калганынан кабар берет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG