Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:09

Эл аралык уюмдар Өзбекстанга сыртын сала баштады


БУУнун адам укуктар боюнча мекемесинин башчысы өз өкүлдөрүн Анжыян окуясы боюнча сот жүрүп жаткан Өзбекстанга жөнөтөт. Мындай билдирүүнү мекеме башчысы Луиза Арбур Өзбекстандын бийлигине жөнөттү. Ага ылайык, БУУнун өкүлдөрү сотко катышып, соттолуп жаткандардын документтери менен таанышууга аракет көрөт. Ташкенде соттолуп жаткан 15 адам, анын ичинде Кыргызстандын 3 жараны коюлган айыптардын баарын мойнуна алышкан. Ушундан улам укук коргоочулар алар күнөөнү кыйноого чыдабай мойнуна алышты деген күнөмдө калышкан. Ал эми Евробиримдик Өзбекстанга каршы санкция киргизгени жатат.

XS
SM
MD
LG