Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Ирактын ички иштер министринин бир тууганы барымтага алынды


Ирактын ички иштер министри Баян Жабрдын бир тууганы кечээ күнү Багдад шаарында барымтага алынып кетти. Министрдин айтканына караганда, ал аракет менен душман анын саясатына басым көрсөтүүгө аракеттенүүдө. Жабр бүгүн кошуна Йорданияга келип, биргелешкен коопсуздук чаралары тууралуу сүйлөшүү өткөрүп жатат. Анын айтымында, Ирактагы согушкерлер өз аракеттерин башка мамлекеттерге жаюуну көздөйт.

- Ал согушкерлер Ирактын аймагынан сыртка чыгып кете баштады жана өздөрүнүн террордук тажрыйбасын башка мамлекеттерге жаюуну көздөп жатат. Ошондуктан жакын арада башка мамлекеттердеги согушкерлердин саны өсүшү мүмкүн.

Америкалык бир миңге жакын аскер болсо Ирак менен Сириянын чек арасындагы согушкерлердин базаларына эки күндөн бери чабуул коюуда жана сегиз лашкер өлтүрүлгөнү тууралуу кабарлар түштү.

XS
SM
MD
LG