Беларустагы оппозиция өлкө президенттигине бирдиктүү бир талапкерликке коомдук ишмер Александр Милинкевичти көрсөттү. Аны талапкерликке көрсөтүү боюнча добуш берүү Беларустагы демократиялык күчтөрдүн кечээ жекшембиде өткөн конгрессинде болду. 1947-жылы туулган Александр Милинкевич окумуштуу жана мурдагы шаар мэри катары белгилүү.