Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

“Вечерний Бишкектин” башкы редактору алмашты


БИШКЕК. «Вечерний Бишкек» гезитинин акционерлеринин жыйыны өтүп, анын жүрүшүндө гезиттин башкы редакторунун милдетин аткаруучулугуна «МСН» гезитинин экономикалык бөлүмүнүн башчысы Геннадий Кузьмин дайындалды. Бул тууралуу «Вечерний Бишкек» гезитине ээлик кылган «Рубикон» фирмасынын башчысы Александр Ким 3-октябрда билдирди. Анын айтымында, мурунку президенттин күйөө баласы Адил Тойгонбаевдын жакын адамдары жума күнү редакциянын 50 компьютер жана башка техникаларын чыгарып кеткен. Бирок ага карабай жаңы жетекчилик редакцияны техника менен камсыз кылып, дүйшөмбү күнү гезитин кезектеги санын чыгарды. Гезит мындан ары коомдогу окуяларды обьективдүү чагылдырууга аракет жасайт, деп белгиледи Александр Ким.

XS
SM
MD
LG