Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:45

Аба ырайы


БИШКЕК. 5-октябрда Кыргызстандын аймагы боюнча аба ырайында өзгөрүүлөр болбойт. Айрым аймактарда абанын температурасы +29 градуска чейин ысыйт. Жумшак желаргы жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8...+13, күндүз +23...+28 градус жылуу. Талас жергесинде түнкүсүн +4...+9, күндүз +20...+25 градус. Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +16...+21. Баткен, Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн +9...+14, күндүз +24 градустан +29 градуска чейин ысык болот. Тоолуу Нарын аймагында түнкүсүн 0...+5, күндүз +16...+21 градус жылуу.

Борборубуз Бишкекте абанын температурасы: түнкүсүн +10...+12, ал эми күндүз +26...+28 градустун айланасында ысык болот деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG