Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:31

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кыргызстанга келет


БИШКЕК. Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Юрий Зубаков 5-октябрда Кыргызстанга иш сапары менен келет. Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, ал президент Курманбек Бакиев, Коопсуздук кеңеш катчысы Мирослав Ниязов жана башка бийлик өкүлдөрү менен жолугушат. Коопсуздук кеңеш катчысы Мирослав Ниязовдун «Азаттыктын» кабарчысына берген маалыматына караганда, Юрий Зубаков Кыргызстанга Орусиянын президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен эки күнгө келет. Иш сапары учурунда ал Кыргызстанга келечекте көрсөтүлө турган гуманитардык жардам тууралуу жогорку бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү өткөрөт. Кыргызстанга кандай жардам берилээрин Мирослав Ниязов азырынча айтуудан баш тартты.

XS
SM
MD
LG