Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Конституциялык кеңешменин курамы 277ге жетти


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев «Конституцияга өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун кошумча иштөө чаралары жөнүндө жардыкка 6-октябрда кол койду. Ага ылайык, президент Курманбек Бакиев жетектеген Конституциялык кеңешменин курамы 277 кишиден туруп, анын кезектеги отуруму 13-октябрда түштөн кийин өкмөт үйүндө өтмөй болду. Ал эми «Конституцияга өзгөртүү, толуктоо киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору жалпы элдик талкуунун тыянагы боюнча 25-декабрга чейин даярдалышы керек. Белгилеп койчу жагы. Март ыңкылабынан кийин 114 кишиден турган Конституциялык кеңешме түзүлүп, ал Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин жетегинде иштеп келген. Президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Текебаевдин демилгеси менен төрагалык президентке сунушталган жана муну парламент 1-сентябрда бекиткен.

XS
SM
MD
LG