Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

ТҮРКИЯ МЕНЕН РУМЫНИЯ КАНАТТУУНУН САСЫК ТУМООСУНА КАРШЫ ЧАРА КӨРҮҮДӨ


Түркияда канаттуунун сасык тумоосу илдети боюнча биринчи учур катталды, өлкө бийликтери кырдаал көзөмөлдө деп ырастоодо. Ал эми мунун аралыгында, Румынияда жүздөгөн үй канаттуулары жок кылынып, андан соң өрттөлө баштады. Румын кыштактарынын биринен жума күнү канаттуунун сасык тумоосу боюнча жаңы учурлар табылган эле.

Түркиянын батышында жайгашкан, Эгей деңизине жакын Баликешир провинциясынын бийликтери жекшембиде тоок фермаларынын бирин карантинге жапты. Ал жерде канаттуунун сасык тумоосунун вирусуна кабылып, ишембиде 2000дей индук кырылган. Алар вирусту келгин куштардан жуктурган деп эсептелүүдө. Эми "Анадолу" жаңылыктар агенттигинин билдиргенине караганда, жергиликтүү бийликтер илдет ошол тегерекке жайылып кетпеши үчүн бардык үй канаттууларын, ал турсун кароолчу иттерди жок кылууга даярданып жатат. Өлкөнүн айыл чарба министри Мехди Икир жекшембиде «Анадолу» жаңылыктар агенттигине кырдаал көзөмөлдө деп билдирди. Канаттуунун сасык тумоосу илдети Түркияга чейин Румынияга жеткен эле. Дунай дарыясынын Румыниядагы бөлүгүнүн айланасы Орусиядан, Скандинав өлкөлөрүнөн, Германиядан жер которуп жүргөн жапайы чымчыктар топтолуучу аймак катары эсептелет. Лабороториялык анализдер өзүндө такталган соң румын бийликтери аны дагы кылдат текшерүү үчүн Британияга жөнөттү. Өлкөнүн айыл чарба министри Георго Флутур жума күнү кабарчыларга буларды билдирди:

- Ветеринардык лаборотория Дунайдын боюндагы Чемурлия дэ Жос кыштагында үй канаттууларынын сасык тумоого кабылганы боюнча үч окуяны ырастады. Эрежеге ылайык, биз алынган үлгүлөрдү дагы кылдат иликтөө үчүн Британияга жөнөтөбүз.

Эгер Британиянын лабороториясы да муну ырастаса, "Вашингтон Таймс" гезити жазгандай, бул канаттуунун сасык тумоосу илдетинин вирусу Европадан табылган алгачкы учур болуп эсептелет. Азыр вирустун жайылып кетишине жол бербөө максатында үй канаттуулары жок кылынып, андан соң терең казылган чуңкурга салынып, өрттөлө баштады.

Ал эми дартты жуктурган канаттуулар турган ферма жайгашкан жердеги айдоо аянттарына химикаттар чачылды. Ошол вирус чыккан кыштактын башчысы дени сак канаттууларды калтыруу да чоң тобокелчилик экенин айтат:

- Биз алтурсун саламаттыгы чың канаттууларда койбой жок кылып, өрттөп жатабыз. Бардык фермаларды дезинфекциялоодобуз. Биз азыр А баскычындагы карантиндебиз.

Түркия менен Румыния вирустун жайлышына жол бербөө максатында жасап жаткан иштер Азиянын бир канча өлкөлөрүндө эки жылдан бери эле орун алып жатты. Ал алгач катталган Азиянын төрт өлкөсү: Таиланд, Камбоджа, Вьетнам, Лаосто вирусту 100дөн ашуун адам жуктуруп, алардын алтымыштайы өмүрүнөн айрылган. Мунун аралыгында АКШнын саламаттыкты сактоо министри Майк Ливитт ушул өлкөлөргө он күндүк иш сапарын баштоодо. Визиттин жүрүшүндө бул илдетке каршы күрөшүү байланышкан маселелер талкууланат.

Эксперттер азыр канаттунун сасык тумоосун дүйнөлүк саламаттыкты сактоого келтирилип жаткан эң ири коркунуч катары баалашууда. Себеби вирус мутацияланып, адамдан-адамга жугуу жөндөмүнө ээ болсо, миллиондогон кишинин өмүрүнө коркунуч туудурушу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG