Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Кыргызстан өлүм жазасын биротоло алып салууга даярбы?


БИШКЕК. Кыргызстан учурда өлүм жазасын биротоло жоюуга даяр эмес, бирок эл аралык милдеттенмелерди мойнуна алгандан кийин андан баш тартышы керек. Мындай пикирин юстиция министри Марат Кайыпов “Азаттыкка” билдирди. Ал билдиргенге караганда, Конституциянын жаңы долбоорунда өлүм жазасы алынып ташталып, өмүр бою камак менен алмаштырылып жатат. Министр Кыргызстан тез арада жогорку жазага чегeрилген кылмышкерлер отура турган түрмө салышы керектигин билдирди. Бирок премьер-министор Феликс Кулов азырынча Кыргызстанда өлүм жазасы биротоло жокко чыгарылышына каршы. Ал бул тууралуу 7-октябрда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун директору Том Дайн менен жолугшууда айткан. Феликс Куловдун пикиринде, өлүм жазасынан баш тартканда сот системасындагы кемчиликтер терс жыйынтыктарга алып келиши ыктымал. Кыргызстанда 1998-жылдан бери президенттин жарлыгы менен өлүм жазасына мораторий улам бир жылга узартылып келатат. Бишкек тергөө абагында учурда өлүм жазасына өкүм чыккан 200гө чукул адам кармалып турат.

XS
SM
MD
LG