Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

БОРБОР АЗИЯ ҮЧҮН КҮРӨШ КҮЧ АЛУУДА


Ооганстанда мындан төрт жыл мурда талибдердин бийлиги кулагандан кийин Вашингтондун Борбор Азиядагы саясаты кескин активдеше баштаган. Бирок терроризмге каршы согушта АКШ менен союздаш болгон Орусия да бул аймактагы таасирин күч алдырды. Өзбекстандагы соңку окуялар, тактап айтканда Анжия кан төгүүсү Орусиянын чырагына май тамызды, дешет аналитиктер. Себеби, Маскөө авторитардык бийликтердин сакталып калышын колдойт, ал эми Вашингтон аларды ала салдырууну көздөп жаткан тараптай кабылданып келет.

Ушул дүйшөмбүдө АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Ооганстанды жана Борбор Азияны кыдырып баштоодо. Райстын жардамчысы Даниел Фред белгилегендей, мамкатчынын көздөгөнү Орусияныкы менен дал келиши керек:

- Эгер Орусия стабилдүүлүктү кааласа, бул алардын кызыкчылыгына да жооп бермек. Демек Маскөө реформаларды колдошу керек.

Ошол эле мезгилде Фред Орусиянын жана Шанхай Кызматташттык уюмуна кирген башка өлкөлөрдүн Борбор Азиядагы аскерлерин алып кетүү талабын четке какты:

– Бул базалар жөн жерден турган жок, алар Ооганстандагы иш-аракеттер үчүн керек, бул өз кезегинде бул өлкөлөрдүн, анын ичинде Орусиянын да кызыкчылыгына жооп берет, себеби орустар да терроризм проблемасына туш келип жатышат.

Бирок Орусия үчүн стабилдүүлүк - учурдагы авторитардык бийликтердин сакталып калышын жана ишкердүүлүк же башка алакалар учурдагы абалдын тең салмактуулугун бузбашын түшүндүрөт. Бул - Нью-Йорктогу Колумбия университетинин саясат таануу профессору Кимберли Мартендин көз карашы. Ал «Азатыкка» Борбор Азия үчүн таймашта Орусия менен Кытай артыкчылыкка ээ деп айтты:

- Чоң оюндун шарты менен карасак, Кошмо Штаттарынын Орусия, Кытай менен тирешүүгө даремети чектелүү. Анткени Кошмо Штаттары ички саясий маданиятты эске алып, адам укуктарына жана экономикалык ачыктыкка маани бериши керек. Ал эми Орусия менен Кытайда мынчалык чектөөлөр жок.

Байкоочулардын баамында, Өзбекстан аймактагы таасирин күчөткүсү келген чоң мамлекеттердин кызыкчылыгын көрөгөчтүк менен тең салмактап келатат. Бул жаатта Кыргызстан да кем калышкан жок, президент Курманбек Бакиевдин жаңы өкмөтү Кошмо Штаттарын Манас аэропортундагы аскер базасын колдоно берүүгө ишендирип, бир эле мезгилде анын ижара акысын көтөрүү маселесин коюуда. Ошол эле мезгилде Орусия Кыргызстанга миллиондогон доллар аскердик жардам көрсөтүп, Канттагы согуштук базаны узак мезгил кармап турууга кепилдик алды.

Кыргызстанда орусиялык бизнес да күчөп жатат. Бул тууралуу Эл аралык Шайлоо Системалар корунун Кыргызстандагы баш өкүлү Давид Микош мындай дейт:

– Орусия менен жалпы кызыкчылыктар айрыкча экономика жаатында алда канча көп. Ал эми Кошмо Штаттарын маданий алакалар, студенттер жана адистер менен алмашуу программалары, Бишкектеги америкалык университет сыяктуу нерселер көбүрөөк кызыктырат шекилдүү.

Көп тараптуу эл аралык саясатты Казакстан да жүргүзүп келет. Декабрда кайра шайланууга камданып жаткан президент Нурсултан Назарбаев жакында Казакстан Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюмунун төрагалыгы үчүн аракетин улантаарын бышыктады. Ал Орусия, Кытай, Кошмо Штаттары жана Европа Союзу менен кызматташттыкты өнүктүрүүнү приоритеттик багыттар деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG