Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:25

Ыңкылапта жабыркаган жалабаттыктар президентке кайрылышты


ЖАЛАЛАБАТ. Экс-президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылуу менен обулустук бийликтин имаратын ээлеп тургандар 20-мартта милициянын атайын күчтөрү тарабынан кууп чыгарылган. Таң заарда жасалган операция учурунда жүз жыйырмадан ашык киши жабыр тарткан, облустук жана Жалалабат шаардык ички иштер мекемелеринин алдында эки адамга ок тийип, алардын бирөөсүнүн абалы оор. Бийлик алмашуу учурунда атайын күчтөрдөн запкы жеген адамдардын 15 өкүлү президент К.Бакиевге кайрылуу жиберишти. Кайрылууга ылайык, алар жумушсуз жана ооруканада жатып дарыланууга, дары-дармек сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Айрымдары ишке жараксыз. Жергиликтүү мекемелердин жабыр тарткандарга көрсөткөн кайрымдуулук жардамдары жетиштүү болбой жатат. Кайрылуу ээлери «Ыңкылап ардагери» деген төш белги чыгарууну жана бийлик алмашууга өзгөчө салым кошкон эки адамга ал төш белгини ыйгарууну өтүнүштү. Облустук бийликтин жооптуу адистеринин пикири боюнча, ыңкылапка катышкандыгын милдет кылган адамдар аябай көп. Алардын баарынын талабын аткарууга мүмкүнчүлүк жок. Ок тийгендер дарыланышып, майып статусун алышкан.

XS
SM
MD
LG