Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

Алмаз Атамбаев Жалалабатта


ЖАЛАЛАБАТ. Жаңы өкмөттүн мүчөсү, министр Алмаз Атамбаевдин облуска келгендеги негизги максаты – Жалалабаттагы өнөр жай жана кайра иштетүү ишканаларынын бүгүнкү экономикалык абалы менен таанышуу. Ал облустук жана Жалалабат шаардык бийликтин жетекчилери менен бирге 12-октябрда пахтадан жип ийрүүчү «Лиматекс» ишканасына барды. Ишин жаңыдан баштап жаткан аталган завод орусиялык инвестицияга курулууда, учурда 350 адам иштейт, ишкана толук бүткөндө 1200 адам жумуш менен камсыз болот. Орус ишкерлери менен шаар жетекчилиги министрге заводдун келечеги жөнүндө маалымат беришти. Алмаз Атамбаев кездеме эмес материалдарды чыгаруучу «Мата» аттуу фабрикада жана «Нур» акционердик коомунун цехтеринде болуу менен ишканалардын көйгөйлөрүнө кызыкты. “Мата” ишканасы токтоп турса, “Нур” акционердик коому Өзбекстандагы «УзДЭУ» ишканасына 29 наамдагы тетиктерди жасайт. Министр Алмаз Атамбаев Майлуусуу шаарындагы жарым жартылай иштеген электр лампаларын чыгаруучу заводду жана көп жылдан бери иштебеген «Кыргызэлектроизолит» заводун көрдү. 13-октябрда Ташкөмүр жана Каракол шаарларынын өнөр жайынын абалы менен таанышат. Бул тууралу билдирген облбийликтин маалыматына ылайык, облуста стратегиялык маанидеги 107 ишкана болсо, алардын 37си иштебейт.

XS
SM
MD
LG