Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:11

Карасуу базарынын жетекчисин атты деп шектелгендер кармалды


ОШ. Бул жөнүндө билдирген Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага инспектору Жеңишбек Ашырбаев 5-сентябрь күнү өз үйүндө белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн Абдалим Жунусовдун жана Санжар Абдиевдин өлүмүнө себепкер деп шектелген эки адам кармалгандыгын кабарлады. Аталган кылмыш иши боюнча шектелип жаткан дагы үч киши издөөгө алынып жаткандыгы маалымдалды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жана министрликтин тергөө боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери шектелип жаткан адамдардын баардыгы 13-июнь күнү Алай мейманканасынын жанындагы ок атуу окуясына да тиешеси бар деген бүтүмгө келишкендигин жана алардын бири Тажикстандын атуулу экендиги да аныкталгандыгын билдиришти. Милициянын маалыматына караганда, жогоруда аталган адам өлтүрүү кылмышы боюнча изделип жаткан адамдар Кыргызстандын, же болбосо коңшулаш республиканын аймагында жалган документтер менен жашырынып жүрүшкөндүгү жөнүндө оперативдүү маалыматтар түшкөн.

XS
SM
MD
LG