Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:45

Дипломаттар парламенттик шайлоого катышууга укук алышты


БИШКЕК. Чет өлкөдө президенттин тапшырмасы боюнча иштеп жүргөн дипломаттар, соода өкүлдөрү өңдүү кадрларга Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкердигин коюуга тыюу салынбайт. Буга байланыштуу жобону камтыган “Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” мыйзамга президент Курманбек Бакиев 12-октябрда кол койду. Өткөн парламенттик шайлоого талапкер болуу аракетин жасаган Роза Отунбаева, Медеткан Шеримкулов, Мамбетжунус Абылов өңдүү дипломаттар мыйзам койгон чектөөдөн өтпөй калып, ал массалык нааразылыктарга алып келген.

XS
SM
MD
LG