Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

Радован Каражичти НАТОнун аскерлери издөөдө


Босниялык сербдердин мурдакы саясый лидери Радован Каражичти издеп жүргөн НАТОнун аскерлери Каражичтин күйөө баласына караштуу ишкананы текшеришти. Альянстын өкүлүнүн айтымында, электрондук буюмдарды чыгарган ишкана Каражичти каржылаганы жөнүндө маалыматтар бар. Улуттар Уюмунун Гаагадагы согуштук кылмышкерлерди соттоочу трибуналы Каражичти жана анын аскерий башчысы Ратко Младичти 1995-жылкы Сребреницадагы кызыл кыргынды жана 1992-95-жылдары Сарай-Боснаны курчоону уюштурган деп күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG