Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Ошто террорчулукка каршы күрөшүү боюнча машыгуу өттү


ОШ. Террордук аракеттерге каршы күрөшүү, барымтадагыларды бошотуу жана тоолуу шарттарда куралдуу кылмыштуу топторду зыянсыздандыруу боюнча жүргүзүлгөн бул машыгууларга түштүк ички аскерлер тобунун атайын даярдыктагы “Шер” тобу менен облустук ички иштер башкармалыгынын атайын даярдыктагы отряддары катышышты. Машыгуунун жүрүшүндө анын катышуучулары террордук топторду куралсыздандыруу жана жок кылуу боюнча Орусиядан алынып келинген атайын аскердик каражаттар менен таанышышты жана аларды колдонуунун усулдарын үйрөнүштү. Машыгууга ички иштер министринин орунбасары Темиркан Субанов жетекчилик кылды.

XS
SM
MD
LG