Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Пакистандагы жер титирөөдө кеминде 38 миң адам набыт болду


Пакистандагы өткөн ишемби күнкү жер титирөөдө кеминде 38 миң адам набыт болгонун өлкөнүн ички иштер министри Афтаб Шерпао маалымдады. Бул мурда маалымдалгандан 13 миңге көп. Шерпаонун билдиришинче, жер силкинүүдөн 62 миң киши жарадар болуп, 3 миллион 300 миңдей адам там-жайсыз калышкан. Улуттар Уюмунун чукул жардамдар боюнча башкы координатору Ян Иглэнддин сөзүнчө, 8-октябрда кыйраган аймактарды калыбына келтирүү иштери 10 жылга жакын созулуп, миллиарддаган долларды талап кылат.

XS
SM
MD
LG