Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Ирандын ядролук программасы АКШ жана Россияны эки жакка түртүүдө


Президент Путин Москвада АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен кездешти. Райс айым сүйлөшүүдө эки өлкөнүн “тыкыс кызматташуусу үчүн бекем пайдубал” бар экенин баса белгиледи. Путин АКШнын Мамкатчысынын Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистанга жасаган иш сапары “өтө ийгиликтүү болгонун” айтып, Россия, Кошмо Штаттары жана чөлкөмдөгү башка мамлекеттер терроризмге каршы чогуу күршө жана Ооганстандагы абалды турукташтырууга кызыкдар экенине токтолду.

Андан алдың Райс айым тышкы иштер министр Сергей Лавров менен кездешип, Ирандын өзөктүк программасы боюнча пикир алмашкан эле. Кездешүүдөн соң жасалган билдирүү Москва менен Вашингтон ортосунда Ирандын ядролук энергияны өнүктүрүү программасы боюнча бир пикир жок экенин эл аралык коомчулукка айкын кылды. Сергей Лавров Ядролук куралдарды жайылтпоо келишимине мүчө бардык өлкөлөр өзөктүк энергиянын үстүнөн иштөөгө укуктуу экенин билдирди. Райс айым болсо, Ядролук каруу жаракты жайылтпоо келишими укук гана бербестен, мүчө өлкөлөргө тийиштүү милдеттерди да жүктөөрүнө басым жасады.

XS
SM
MD
LG