Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:01

Аба ырайы


БИШКЕК. 18-октябрда Кыргызстандын аймагы боюнча күн ачык болот. Батыш тараптан мелүүн жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +17…+22 градус жылуу. Талас дубанында түнкүсүн 0…+5 градус, айрым жерлерде үшүк жүрөт. Күндүз +16…+21 градус жылуу болот. Республиканын Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24 градус. Ысыккөлдө түнкүсүн 0…+5, үшүк жүрөт. Күндүз +9…+14 градус. Тоолуу Нарын жергесинде түнкүсүн 0…-5 градус суук болот. Күндүз +14…+19 градус жылуу.

Бишкек шаары боюнча абанын температурасы: түнкүсүн +3…+5, ал эми күндүз +20…+22 градустун айланасында жылуу болушу күтүлөт деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

Кабарлар топтомун Бакыт Аманбаев менен Чолпон Орозобекова даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG