Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Эки округ бонча талапкерлерди көрсөтүү соңуна чыкты


БИШКЕК. 17-октябрдан тарта №8 Түндүк жана № 20 Аксы округдары боюнча парламенттин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктайт. Борбордук шайлоо комиссиясныны маалымат кызматы билдиргенге караганда, арызын жана документтерин берип үлгүргөн талапкерлерди каттоо 1-ноябрга чейин болот. Буга чейин Түндүк округу боюнча Роза Отунбаева, Николай Танаев, Жаныш Кудайбергенов, ал эми Аксы округу боюнча Азимбек Бекназаровдун чыгаары белгилүү болсо, 17-октябрда Түндүк округу боюнча дагы төрт киши БШКга арызын берди. Алар: Мухутдин Рустанбеков, Бакыт Керимбеков, Талгарбек Момуналиев жана Канатбек Садыков. Аталган округдарда добуш берүү 27-ноябрда болот.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG