Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Кызылкыяда цемент-шифер заводу курулат


БАТКЕН. 2006-жылдын башынан Кызылкыя шаарында цемент-шифер комбинатынын курулушу башталат. Бул тууралуу Кызылкыя шаарынын мэри Абдырасул Анарбаев 19-октябрда “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, Бешбуркан жана Проходной кендеринде цемент өндүрүүгө керектүү чийки зат запасы советтик мезгилде эле аныкталып, узак мезгилге чейин жете турганы эсептелинген. Учурда комбинаттын курулушуна инвесторлорду табуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Апас Жумагуловго жүктөлгөн. Бардык аракетти Кызылкыядагы цемент комбинатынын курулушуна буруу керектигин өлкө президенти 15-октябрдагы өкмөттүн кеңейтилген жыйынында да баса белгилеген. Акыркы жылдарда цемент, шифер өндүрүүгө керектелүүчү миңдеген тонна чийки зат Кызылкыядан Өзбекстандын Кувасай шаарына арзан баада ташылып кетүүдө.

XS
SM
MD
LG