Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:07

"Ал-Каиданын" Ирактагы башчысынын жакын жардамчыларынын бири өлтүрүлдү


Ирак өкмөтү бүгүн тараткан маалыматка караганда, "ал-Каида" террордук уюмунун Ирактагы башчысы Абу Мусаб аз-Заркавинин жакын жардамчыларынын бири өлтүрүлдү, ал эми Тикрит шаарында мурдагы президент Саддам Хусейндин инилеринин бири Ясир Сабави камакка алынды. Бакуба шаарында бүгүн бир жан кечти өзүн өзү жардырып жибергенден төрт адам набыт кетип, дагы 14 киши жараат алды, Багдад шаарындагы жардыруудан болсо бир жаш бала өлүп, алты башка адам жарадар болду. Андан тышкары, Түркияны көздөй кеткен газ куурунда бүгүн өрт чыкты.

XS
SM
MD
LG