Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Түндүк Корея ядролук сүйлөшүүлөргө кайра кошулат


Пхеньянда болуп кайткан АКШлык беделдүү саясатчы Түндүк Кореяга ядролук сүйлөшүүлөргө келерки айдын башында кайра кошулаарын билдирди.

– Түндүк Корея ноябрдын баш ченинде эч кандай шарты жок эле сүйлөшүүлөргө кошулат. Сүйлөшүүнүн жаңы айлампасы Бээжинде болот жана анын күн тартиби жакында такталат. Анткен менен Түндүк Корея сүйлөшүүгө келет, - деп билдирди Жаңы Мексика штатынын губернатору Бил Ричардсон бүгүн Токидо.

Түндүк Корея алты жактуу сүйлөшүүнүн сентябрда өткөн акыркы айлампасында өлкөгө алчу жардамдын жана коопсуздук кепилдигинин ордуна өзөктүк программасын токтотууга макулдук берген. Бирок адегенде кубаттуу реакторду берүүнү талап кылган.

XS
SM
MD
LG