Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Жалалабаддагы түрмө күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алынууда


ЖАЛАЛАБАТ. Облустагы жаза өтөө мекемеси депутат Тынычбек Акматбаев Молдовановка түрмөсүндө өлтүрүлгөн 20-октябрда жабылган. Жалалабат түрмөсүнө баруучу жол тосулуп, айланасын ички иштер кызматкерлери кайтарууда. Жаза өтөө мекемесинде кооптуу жагдай азырынча жок. Ош-Бишкек жолундагы район, шаарлардын чек араларына атайын күзөтчүлөр коюлган. Мындай маалымат 22-октябрда ички иштер башкармасынан алынды. Ал эми мекемедегилердин билдирүүсү боюнча, Жалалабат түрмөсүндө 1150 айыпкер жаза өтөөдө. Тамак-аш менен каражаттын тартыштыгынан 70 айыпкер кургак учук жана 20 күнөөкөр СПИДдин иммундук вич илдетин жуктуруп алышкан, 56 кылмышкердин өпкө, бөйрөгүнө суук тийип, ашказанында жарасы бар. Аларга дары-дармек, дарылоочу жай жана ооруу аныктоочу лабораториялык рентгендик жабдуулар, транспорт жетишсиздик кылат.

XS
SM
MD
LG