Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Чет мамлекеттердеги “ар-намысчылар” тынчсызданууда


БИШКЕК. “Ар-намыс” партиясынын чет мамлекеттердеги мүчөлөрү Кыргызстандагы соңку окуялар боюнча тынчсыздануу билдирет. 23-октябрда таратылган бул билдирүүдө Кыргызстан криминалдык топтордун өз ара кандуу териштирүүсүнөн улам өлкөдөгү ансыз да туруктуу эмес кырдаалды ого бетер бузуп жатат деп айтылган. “Ар-намыс” партиясынын чет өлкөлөрдөгү мүчөлөрү бул окуялардын артында президент Курманбек Бакиев турат деп эсептейт. Алар өз билдирүүсүндө парламентти бул окуяларга так жана туура баа берүүгө чакырышат. Ошондой эле аталган партиянын мүчөлөрү Кыргызстандагы окуяларга кийлигишип, өлкөнү криминалдын үстөмдүгүнөн сактап калууну эл аралык коомчулуктан суранышат. Бирок бул билдирүүгө “Ар-намыс” партиясынын Бишкек кеңсесинин тиешеси жок жана бул билдирүүнүн мазмуну алар менен кеңешилген эмес.

XS
SM
MD
LG