Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

Иракта ар башка кол салуулардан 12 киши курман болду


Бүгүн Иракта ар башка кол салуулардын натыйжасында 12 киши, анын ичинде төрт бала курман болду. Полициянын айтымында, бүгүн Тикрит шаарында полициянын офицеринин үйүнүн жанында бомба жардырылып, андан төрт бала жан таслим болду. Ал эми баш калаа Багдадда автомашинага орнотулган бомбадан төрт киши курман болду.

- Полициянын машинелери өтүп баратканда жүк ташыган ак машине аларды качырып сала берди. Мен анда дүкөнүмдүн ичинде болучумун. Жанагы жүк ташыган машине полициянын машинелерин барып сүзгөндө, катуу жардыруу болду, - деди окуяны көргөн Салах Хамид деген адам.

Киркук шаарында болсо жан кечти террорчу америкалык патрулдун жанына барганда, өзүн өзү жардырып, бир ирактык жарандын ажалына калды, бир нече киши жаракат алды. Багдаддан 60 чакырым жерде турган Бакуба шаарында белгисиз бирөөлөр полициянын кызматкерин атып кетишти.

XS
SM
MD
LG