Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

МАРКУМ АКМАТБАЕВДИН ТАРАПКЕРЛЕРИНИН МИТИНГИ УЛАНУУДА


Жогорку Кеңештин алдында маркум Тынычбек Акматбаевдин тарапкерлеринин нааразылык митинги уланууда. Аянтка чыккан миңдин тегерегиндеги адамдар премьер-министрдин кызматтан кетүүсүн талап кылууда. Митингчилердин басма сөз борборунда Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын кызматкерлери маалымат жыйынын өткөрүштү.

Жогорку Кеңеш Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу күч министрликтеринин маалыматын угуп жаткан убакта, нааразылык акциясына чыккан жүздөгөн адамдар премьер-министр Феликс Куловдун кызматтан кетүүсүн талап кылып, «Кулов кетсин! Кулов кетсин!» деп кыйкырып турушту. Жогорку Кеңештин алдында Феликс Куловдун кызматтан кетүүсүн талап кылган плакаттар илинип турат. Милиция кызматкерлери нааразылык акциясына көз салууда.

Митингчилердин маалымат борборунда болсо, Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жыйырмага жакын кызматкерлери маалымат жыйынын өткөрүп, түзүлгөн кырдаалга карата өз ойлорун ортого салды. Анда №3-түзөтүү колониясынын башчысынын орун басары Тагайбек Сатаров буларды билдирди:

- Зонага атайын аскерлерди киргизип, толук тинтүү жасап, баш ийбеген түрмө төбөлдөрүн башка жерге котормойюн биз ал жакка кирбейбиз. Биздин талап ошондой. Бир четинен премьер-министрдин бул жерде жасаган иши туура эмес. Ал жерде биздин депутат өлтүрүлүп жатканда, атайын аскерлерлерди сөзсүз киргизиш керек эле. Эмнегедир киргизбеди. Биз атайын аскерлерди киргизүүнү суранабыз. Эгерде андай болбосо, премьер-министр кызматтан кетсин.

Тагайбек Сатаровдун пикиринде, колонияда Азиз Батукаевдин буйругусуз депутат Тынычбек Акматбаевге кол салуу мүмкүн эмес эле.

Маалымат жыйынан кийин митинг башталып, аны белгилүү ырчы Майрамбек Осмонов ачты:

- Куловдун кызматтан кетүүсүн 3-4-күндөн бери талап кылып турабыз. Бизде чагым салуу, же башка жаман ой жок. Кыргыздын чыгаан уулдары кетип жатат деп, кыргыздын күйүп турган кези.

Карыя Зарлыкбек Асаналиев элди тынчтыкка үндөдү:

- Алакандай кыргыз элибиздин өсүп келаткан уулдарын канкорлорго өлтүрүп алсак кантип өсөбүз? Алакандай кыргыз ынтымакта болгула. Дүйнөдө тынчтык, бүт дүйнөдө тынчтык болушун каалаймын.

Ал эми “Кылым шамы” адам укугун коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова нааразылык акциясын мыйзам чегинде өткөрүүгө үндөдү. “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев премьер-министрдин кызматтан кетүүсүн талап кылып, Феликс Куловдун Акматбаевдин өлүмүнө кыйыр түрдө күнөөсү бар деген оюн билдирди:

- Акматбаевдин атылышына түздөн-түз болбосо дагы кыйыр түрүндө Кулов күнөөлүү. Эмне үчүн Кулов Акматбаевдер №31-колонияга курал менен кирген дейт. Алар курал менен кирген эмес. Азыр тергөөдө ошону айтып жатышат. Экинчиден, Кулов Абдулин психикалык жактан бузулган адам экен дейт. Кулов кимди алдагысы, кимди жактагысы келет? Кыргызстандын мыйзамы боюнча психикасы айныган адамдарды соттоого да, түрмөгө салууга да эч кимдин укугу жок. Демек Акматбаевдин өлүмү күн мурунтан саясий буйуртма болгон. Бул жерде Азиз Батукаев, сөзсүз Азиз Батукаев бар. Азиз Батукаев менен Кулов түздөн-түз байланыш.

Парламенттин сессиясы аяктагандан кийин депутаттар Жантөрө Сатыбалдиев, Улукбек Ормонов келип сөз сүйлөдү. Алар менен кошо келген Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Камбаралы Конгантиев митингчилерди мыйзам чегинде болууга чакырды:

- Урматтуу туугандар, мен башкы прокурордун милдетин аткаруучу катары сиздерден өтүнүп, суранып кетээр элем, тартипти сактап, мыйзамдуулукту бузбай, тынч митингди тынч өткөрсөңүздөр.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG