Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

ӨКМӨТ БАШЧЫНЫ КОЛДОГОН МИТИНГ ӨТТҮ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бишкектеги «Алатоо» аянтында 25-октябда өкмөт башчы Феликс Куловду колдогон митинг өткөрүлдү. Митингдин катышуучулары март ыңкылабынан кийин орун алган талап-тоноочулукту Феликс Кулов токтоткондугун айтышып, анын кызматтан кетүүсүнө каршы экендиктердин билдиришти. Ошондой эле митингдин айрым катышуучулары Феликс Куловду кызматтан кетирүү аракети президент Курманбек Бакиев тарабынан тымызын жасалып жатат деген ойлорун айтышты.

Нааразылык акциясына беш жүздөн ашуун адам катышышты. Алар «Биз тынчтык үчүн!», «Кулов эл менен», «Биз Куловдун кызматтан кетүүсүнө каршыбыз» деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушту. Ошондой эле алар Куловдун кызматтан кетишине каршы экендиктерин биринен сала бири билдирип жатышты:

- Эжекелер, агалар, абалар! Жыйырма төртүнчү марттагы талап-тоноочулукту ушу киши токтотту. Мен сиздердин барыңыздарды Куловду колдоого чакырам. Бетке айтып, ак сүйлөгөн кишини көрө албай жатышат. Эмне үчүн кандайдыр бир кылмышкерлер үчүн Куловго каршы чыгыш керек.

Ташдөбө айыл өкмөтүнөн келген Батиза Алыбекова аттуу аял көпчүлүк элдин алдында мындайча сөз сүйлөдү:

- Куловдун кызматтан кетирүүгө каршыбыз. Мен бүт айылдын атынан келдим. Бизде мындай жигиттер аз. Ал кызматтан кетсе, өлкө оңолбойт.

Ал эми анын жанындагы Зарлык Бурматов Куловго каршы акцияны кылмыштүү дүйнөнүн өкүлдөрү уюштурууда деген оюн ортого салды:

- Бул нааразылык акциясын рекет уюштуруп жатыптыр. Рекеттерди тыймай сайын өлкө өнүкпөйт.

Ошондой эле чогулган элдин айрымдары Куловго каршы акцияларды президент Курманбек Бакиев уюштурууда деген айыптоолорун билдиришти:

- Мунун барын Бакиев кылып жатат. Ал эптеп ак адамдан кутулууну ойлоп жатат. Мен муну ачык эле айтам. Ал мени атып жиберсин. Менин атым Турдалиева Шайырбүбү. Киев көчөсүндө жашайм. Президент Куловго эч кандай иш бербей, анын бутун тосуп жатат. Сегиз айдан бери эмне кылды. Өлкөдө баш аламандык болуп жатат. Эмне үчүн ал ушуларды таратпайт.

Ал эми бул күнкү митингди уюштурган «Арнамыс» партиясынын учурдагы төрагасы Эмил Алиев Рысбек Акматбаев баштаган нааразылык акциясын аткаруу бийлиги күч менен таратууга укугу жок дейт:

- Бийлик аларды тарата албайт. Эгерде алар мыйзамды бузса аларды тарткатууга болот. Болбосо бийлик аларга тийишүүгө акысы жок.

Эмил Алиев ошондой эле Куловду кызматтан кетирүүнү талап кылган митинг президент Курманбек Бакиев тарабынан уюштурулууда деген пикирди туура эмес деп жокко чыгарды:

-Аны Курманбек Бакиев уюштурган жок. Ага мен ишенбейм. Бул жерге көп кишилер келишти. Бул жөн гана провокация.

Ал эми ушул митингге келген «Кыргызстан патриоттору» партиясынын башчысы Назарбек Нышанов болсо, эгерде Кулов кызматтан кете турган болсо, президенттик шайлоого чейин кол коюлган меморандумга ылайык, Курманбек Бакиев да кызматтан кетиши керек деген оюн ортого салды:

- Ошол тандемде бир жобо бар. Эгерде Кулов кызматтан кете турган болсо он күндүн ичинде президент да кызматтан кетиши керек деп жазылган. Демек Кыргызстанда кылмыштуу дүйнө бийликти ээлеп алалы деген ойдо болушууда.

Нааразылык акциясынын катышуучулары түшкө чейин турушуп, түштөн кийин тарап кетишти. Ошол эле мезгилде Жогорку Кеңеш имаратынын алдында Феликс Куловду кызматтан кетирүү талабы менен нааразылык чарасы өтүп жатты.

XS
SM
MD
LG