Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Конституциялык кеңешменин кезектеги отуруму болду


БИШКЕК. 25-октябрда баш мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча Конституциялык кеңешменин кезектеги отуруму өттү. Анда адегенде Конституциялык Кеңешменин редакциялык кеңешинин курамы боюнча пикирлер айтылып, кеңештин курамы 8 адамга толуктала турган болду. Кеңешменин курамына Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү сунушталды. Буга чейин президент Курманбек Бакиевдин жардыгы менен Редакциялык Кеңештин курамына Кеңешменин мүчөлөрүнөн 35 адам бекитилген. Шейшембидеги жыйынга Кеңешменин төрагасы Курманбек Бакиев катышкан жок. Отурумда Конституциялык Кеңешменин регламенти талкуулана баштады. Регламентте Конституциялык Кеңешменин максаты, анын ишмердүүлүгү, жыйындарды өткөрүүнүн, чечимдерди кабыл алуунун тартиби жана формасы, Редакциялык кеңештин ыйгарым укуктары жана башка маселелер каралган.

XS
SM
MD
LG