Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:43

“Алатоо” аянтында Ф. Куловду колдогон пикет өттү


БИШКЕК. 25-октябрда Бишкектеги “Алатоо” аянтында премьер-министр Феликс Куловду колдогон тынч митинг өттү. Ага «Ар-намыс» партиясынын өкүлдөрү, Бишкектин тургундары катышты. Нааразылык чарада тургандар «Эл Кулов менен!», «Текебаев – эл депутаты!», «Бизге тынчтык керек!» деген сыяктуу плакаттарды кармап турушту. Ал эми пикет болгон жерге орнотулган эркин микрофонго каалоочулар чыгып сүйлөп турушту. Алар премьер-министрдин депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө эч кандай тиешеси жок экендиги, 24-марттагы талап-тоноочулукту Феликс Кулов токтоткондугу жөнүндө белгилешип, өкмөт башчынын отставкасына айрым бийлик өкүлдөрү да кызыкдар болуп жатат деген пикирлер да айтылды. Нааразылык акциянын катышуучулары белгилешкендей, Жогорку Кеңештин алдында турган пикетчилер тарабынан Куловдун отставкасынын талап кылынышы жана анын депутатттын өлүмүнө күнөөлөнүшү негизсиз.

XS
SM
MD
LG