Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:51

Т. Акматбаевдин туугандары менен колдоочуларынын митинги улантылды


БИШКЕК. 25-октябрда Жогорку Кеңештин алдында депутат Тынычбек Акматбаевдин туугандарынын жана тарапкерлеринин тынч митинги улантылды. Бул күнү нааразылык акцияга 1000ге жакын адам катышты. Алар мурдагыдай эле премьер-министр Феликс Куловдун отставкасын талап кылышууда. Бул күнү да пикетте тургандар маркум депуттатын өлүмүнө Феликс Куловдун тиешеси бар деген мазмундагы ураандар жазылган плакаттарды кармап, кыйкырып турушту. Жогорку Кеңештин алдына атайын монитор орнотулуп, митингде тургандар парламенттин жыйынынын жүрүшү көрүүгө мумкүнчүлүк алышты.

XS
SM
MD
LG