Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:56

Президент депутаттардын сунушун кабыл алды


БИШКЕК. Ушул эле күнү кечки саат алтыда Өкмөт үйүндө президенттин, премьер-министрдин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, күч структураларынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өтүп, анда өлкөдөгү кырдаал талкууланды. Жыйын жабык эшик артында өттү. Анын айрым катышуучуларынын маалыматына караганда, жыйында түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча бийлик бутактары тарабынан жүргүзүлө турган иш-чаралар боюнча пикир алмашуулар болду. Бирок кандайдыр бир чечим кабыл алынган жок. Өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча чечим депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу тергөө иштери жана бул окуяны иликтөө максатында түзүлгөн депутаттык комиссиянын иши аяктагандан кийин гана кабыл алынаары белгиленди.

XS
SM
MD
LG