Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:19

АКШ ПРЕЗИДЕНТИНИН КАЙРЫЛУУСУ КОЛДОО ТАБАБЫ?


Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш Улуттар Уюмуна кайрылып, Ливандын мурдакы премьер-министри Рафик Хариринин өлүмү үчүн Сириянын бийлик өкүлдөрүн жоопко тартууга чакырды. Улуттар Уюмунун башкы тергөөчүсү Детлев Мехлис шейшемби күнү Коопсуздук Кеңешине тапшырган иликтөөдө Хариринин өлүмүнө Сирия менен Ливан бийликтеринин катыштыгы бар деген шектенүү айтылган. Жардырууда Харири жана башка 20 адам набыт болгон.

Улуттар Уюмунун башкы тергөөчүсү Детлев Мехлис башындагы комисссиянын төрт айлык иликтөөсүнүн баштапкы жыйынтыгынын мазмуну маалым болор замат Вашингтон Сирияга каршы кысмагын күчөттү. Шейшемби күнү президент Жорж Буш Ливандын мурдакы премьер-министри Рафик Харирини өлтүрүүгө тиешеси бар Сириянын коопсуздук кызматынын жетекчилерин жоопко тартууга чакырып, Улуттар Уюмуна кайрылды:

- Эми Улуттар Уюму аракеттениш керек. Сирия жана анын жетекчилиги терроризмди колдоп жатканы, анын ичинде мурдакы премьер-министр Рафик Харирини өлтүрүүгө катышканы үчүн жооп бериш керек.

Буш кайрылууну Буш аба күчтөрүнүн Вашингтондун четиндеги Боллинг базасында жасады.

Сирия ошол замат эле Детлев Мехлис жетектеген комиссиянын докладын “саясый доомат” деп атап, Хариринин жана 12 адамдын өмүрүн жалмаган февралдагы жардырууга эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. Ливан да бул докладды негизсиз деп, нааразылыгын билдирди.

Шейшемби күнү БУУнун башкатчысы Кофи Аннан “тергөө жараяны эми башталганын” айтып, Мехлистин вазийпасын 15-декабарга чейин узартты.

АКШны Франция менен Британия колдоодо. Үч мамлекет Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Сирияга каршы санкция колдонуусун каалашууда. Ал үчүн, Мамлекеттик департаментинин өкүлү Син МакКормактын билдиришинче, АКШ жана башка өлкөлөр келерки дүйшөмбүдө Коопсуздук Кеңешинде министрлер деңгээлиндеги жыйын өткөрөт. Бирок Улуттар Уюмунда иштеген дипломаттардын айтышынча, жыйындын мөөнөтү азырынынча тактала элек.

Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү Кытай менен Россия Харинини өлтүрүүгө тийиштиги бар деп, Сирияга каршы санкция киргизүүгө көп көңүлдөнбөй жатышат. Анткен менен, Британиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Emyr Jons Parry мырзанын айтымында, Сирияны Мехлис башындагы комиссия менен тыкыс иштешүүгө милдеттендирген резолюцияга Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү арасында “каршы эч ким жок.”

Детлев Мехлис өзү жетектеген комиссиянын доклады жарыялангандан беш күндөн кийин, шейшемби күнү- Коопсуздук Кеңешинде сүйлөп, Сирия тарапты тергөөнү ачык жагдайда жүргүзүүгө чакырды. Ансыз, 14-февралда Бейрутта болгон жана Харири менен 12 адамдын өмүрүн жалмаган жардыруунун “катышуучуларын жана аткаруучуларын толук аныктоого” мүмкүн болбойт деп санайт ал. Мехлис Кеңештен комиссия мүчөлөрүн күзөтүүнү дагы жакшыртууну өтүндү.

Анын ортосунда Орусия президенти Владимир Путин Сириянын мамлекет башчысы Басар Асад менен телефон аркылуу баарлашты. Кремлдин маалымдашынча, Путин Сириянын эл аралык комиссия менен кызматташууга макулдук берүүсүн колдогон.

XS
SM
MD
LG