Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:52

Камбараалы Конгантиев алгачкы маалымат жыйынын уюштурду


БИШКЕК. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Камбараалы Конгантиев 26-октябрда өзүнүн алгачкы маалымат жыйынын өткөрүп, мекеменин башкы милдеттерин белгиледи. Конгантиевдин билдиргенине караганда, ал жетектеген башкы прокуратура мыйзамдын так аткарылышына, жарандардын мыйзамдык кызыкчылыктарын жана укуктарын сактоого, коррупцияга каршы күрөшкө артыкчылык берет. Прокуратуранын кызматкерлериндеги кесипкөйлүккө, тазалыкка басым жасалат. Аткаруу бийлиги, саясий партиялар, коомдук уюмдар тарабынан ар кандай кысым көрсөтүүлөргө укуктук баа берилет. Жогорку Кеңештин депутаты Камбараалы Конгантиев башкы прокурордун милдетин аткаруучулук кызматка президенттин жардыгына ылайык, 17-октябрда келген. Конгантиев март ыңкылабынан кийин кызматка киришип жаткан үчүнчү башкы прокурор. Буга чейин бул кызматта Азимбек Бекназаров, Бусурманкул Таабалдиев иштеп келишкен жана алар Карасуу районунда болгон окуянын айланасындагы чыр-чатактарга байланыштуу кызматтарынан кетишкен.

XS
SM
MD
LG