Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирияга байланыштуу резолюция долбоорун талкуулоодо


Сирия Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин АКШнын Дамаскка каршы резолюция кабыл алуу кысымына баш ийбөөгө үндөдү. Франция, АКШ жана Британия - Ливандын экс-премьери Рафик Хариринин киши колдуу өлүмүнө катыштыгы бар деп шектелген Сирияга каршы санкциялар киргизүүнү сунуш кылышкан. Долбоордо эгерде Сирия Хариринин өлүмүн иликтеп жаткан эл аралык тергөөчүлөр менен толук кандуу кызматташпаса, ага каршы сакциялар киргизүү каралган. Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү – Орусия жана Кытай бул сунушка каршы чыгышкан.

XS
SM
MD
LG