Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

АКШдан атайын комиссия келет


БИШКЕК. Америкалык аскердик база пайдаланган жердин ар бир чарчы метри үчүн дүйнөлүк стандартка жараша акы төлөнүшү керек, анда АКШ тараптан көбүрөөк чыгымдар талап кылынат. Мындай пикирин президент Курманбек Бакиев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, АКШ буга Ганси аскердик базасы үчүн төлөгөн каражаттын өлчөмүн башка айтса, Кыргызстан тараптан андан азыраак сандар көрсөтүлүп жатат. 4-ноябрда АКШдан бул маселе боюнча атайын комиссия келээри күтүлүүдө. Курманбек Бакиевдин айтымында, кыргыз тараптан түзүлүп жаткан комиссияга адвокат Либерман да кошулуп жатат. Эскерте кетели, эл аралык деңгээлдеги Эдвард Либерман кыргыз бийлиги тараптан экс-президенттин чет мамлекеттердеги мүлкүн аныктоо ишине тартылган. Эки тараптуу комиссия буга чейинки чыгымдарды иликтеп бүткөндөн кийин аскердик база тууралуу келишим кайра каралышы мүмкүн. Коргоо министри Исмаил Исаков “Азаттыкка” билдиргенге караганда болсо, Кыргызстан элинин жашоо турмушу үчүн көбүрөөк пайда алып келсин деген максатта бул келишимди кайра кароо маселеси көтөрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG