Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

ДАНИЯР ҮСӨНОВДУ ПАРЛАМЕНТ ЭМНЕ ҮЧҮН КОЛДОГОН ЖОК?


90-жылдардан тарта ишкер жана саясатчы катары коомчулукка таанылган экс-депутат Данияр Үсөновдун биринчи вице-премьерлик кызматка 8-ноябрда парламенттен макулдук албай калышын саясатчылар ар кыл өңүттө талдап жатышат. Президент Курманбек Бакиев Данияр Үсөновду биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып 10-октябрда дайындап, 28-октябрда парламентке сунуштаган.

Адегенде белгилеп койчу жагы, мурдагы бийлик учурундагы узак соттошуудан кийин ишкердикке баш оту менен кеткен Данияр Үсөнов саясатка март окуясынан кийин кайтып келди. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Үсөнов адегенде эле экс-президент Аскар Акаевге таандык деп саналган мүлктү териштирүү комиссиясынын төрагасы катары иш алып барды. Бирок анын отчетун парламент кезинде сынчыл көз караш менен кабылдаган.

Кийинчерээк сентябрь айынын башында өкмөт курамын түзүү учурунда да парламент биринчи вице-премьер-министрликке Данияр Үсөновду эмес, парламенттен көрсөтүлгөн талапкерди колдоого көбүрөөк ыктап тургандыгын кыйыткан. Жагдайга жараша президент сунуштаган үч талапкерден Жантөрө Сатыбалдиевден башка экөө, тактап айтканда, Данияр Үсөнов менен Медетбек Керимкулов талапкердиктен баш тартышкан. Ага жараша президент өзүнүн үч талапкерге байланышкан сунушун кайтарып алган болчу. Кийинчерээк ушул эле орунга Данияр Үсөновдун талапкердигин көрсөтүү сунушу менен 45 депутат президентке кайрылган. Мунун жөн-жайы тууралуу пикирин добуш берүү комиссиясынын мүчөсү, депутат Жусуп Иманалиев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди:

- Өзү кирип, 45 депутаттын ар бирине жолукканда «өңдү көрсө жүз таят» болуп, кол коюп беришкен го деп ойлойм.

Өзүнүн добушу, кол койгон-койбогондугу тууралуу маалымат берүүнү каалабаган депутат парламенттин колдобой коюшуна талапкердин айтканы менен жасаганынын дал келбей калышы себеп болду го деп болжойт. Парламентте президенттин сунушун кароодо негизинен эки маселеге – биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучунун 5 миллиард сом киреше алып келүү тууралуу убадасынын ишке ашпай калышына жана цемент чыгаруу максатын көздөгөн Аксай кенине ээлик кылып жаткан алты компаниянын экөөнө жубайы кожоюн экендиги тууралуу маселелерге басым жасалды. Үсөновду кескин сындап келаткан депутаттардын бири Өмүрбек Бабанов бул ирет талапкерди мамлекеттин кызыкчылыгын алдыга коюуга чакырды:

- Вице-премьер эмес, мамлекет байышы керек. Акчаны мамлекет иштеп табышы керек… Алдабаш керек. Анткени, вице-премьер-министр жөнөкөй кызмат эмес, ал эл тарабынан ишеним көрсөтүлгөн кызмат.

Данияр Үсөнов өзү болсо парламенттин акыркы чечимине карата пикирин айта элек. Бирок саясатчы буга чейин берген интервьюларында парламентти акаевчил депутаттар арбын деп эсептеп, алар президенттин өзүнө байланышкан сунушун колдоп берерине ишенбестигин билдиргени бар. Ал эми парламентте суроолорго жооп берүү учурунда Үсөнов өзүнө байланыштуу 18 маселени териштирип берүүнү сурап 13 депутат башкы прокуратурага кайрылгандыгын, эки жарым ай текшерүү Үсөновго доо кетиргидей кемчилик таппагандыгын билдирди.

«КДК» саясий партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеев «Алга, Кыргызстан!» саясий партиясынан келген депутаттар басымдуулук кылган парламенттин кыйла бөлүгүнө Данияр Үсөнов жетектеген «Акаевге таандык мүлктү териштирүү комиссиясынын» тыянактары жаккан жок дейт. Анын үстүнө коомчулукка жарыяланган көптөгөн фактылар сотко жетпей калды. Жекшеевдин оюнда, Данияр Үсөнов өңдүү экономиканы мыкты билген адистер өкмөткө керек болчу:

- Саясий эч кандай баа бергим келбейт. Бирок бул иштебей калганда өкмөттө кичине бир жерибиз кемтик болгондой болот. Себеби, Даниярдын түшүнүгү, кесипкөй катары баарын жакшы билгичтигин жокко чыгарууга болбойт. Өзүнүн өзгөчө сунуштары менен реформа жүргүзө турган ойлору бар эле. Тилекке каршы, депутаттардын өткөрбөй койгону өкүнүчтүү болуп турат.

Анткен менен айрым талдоочулар Данияр Үсөнов премьер-министр Феликс Кулов менен жалпы тил табыша албай жатат деп, муну парламенттин каршылыгынын башкы себептеринин бири катары санашат. Ушуга жакын көз карашын Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов да билдирди:

- Анткени, ал бүгүнкү күндө бийликтин ортосунда, айрыкча президент Бакиев менен премьер-министр Куловдун ортосунда от жаккыч болуп калды. Бул жакшылык менен бүтпөйт. Кеп Даниярды жакшы көргөн, жаман көргөндө эмес. Андан көрө Данияр өзү жакшы билген бизнесине эле кетсе жакшы болот эле.

Ал эми бейрасмий булактан алынган маалыматка караганда, март окуясынан кийин вице-премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткарып келген экс-депутат Данияр Үсөнов 8-ноябрда дароо эле кызмат ордун бошотту. Бирок аны кызматтан бошотуу жөнүндө жардык чыккандыгы тууралуу кабар айтыла элек.

Адистердин билдиргендерине караганда, президент парламент жактырбай койгон бир талапкерди бул кызматка экинчи ирет сунуштоого мыйзам жол бербейт. Ага жараша биринчи вице-премьер-министрлик орунга талапкер катары ким, качан сунушталаары азыр белгисиз бойдон турат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG