Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:09

Өзбек имамы кошуна Казасктанда кармалды


Террордук уюм деп сыпатталган Өзбекстандын исламдык кыймылынын Ташкен бөлүмүн жетектейт, деп шектелген имам Рухиддин Фахриддинов жакында Казакстанда кармалды. Ал 1998-жылы издөөгө салынган. Кармалган имамдын атасы Фазлиддин Фахриддиновдун айтымында, анын уулу күнөөлүү эмес:

- Бул - жөн гана жалаа, жөн гана жалаа жабуу. Мен эч нерсе түшүнбөйм. Эгер менин уулум бир нерсени туура эмес жасаган болсо, ал эмне экенин айтышпайбы. Эгер ал пропаганда тараткан болсо, же бир кылмыш жасаган болсо, эмне үчүн алар аны далилдебейт? Мен сурасам, полиция жөн гана биз буйрук алдык дейт. Күнөөсү жөнүндө алар эч нерсе деп айтышпайт.

Адвокаттардын айтымында, бийлик аларды кармалган Рухиддин Фахриддинов менен жолуктурбай жатат.

XS
SM
MD
LG