Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

АЖЫЛЫК САПАРДЫН АЗАБЫ КӨП


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ошто ажы сапарына аттанган адамдар бир катар проблемаларга туш болууда. Көптөгөн адамдар ажы сапарын уюштуруудагы башаламандыктан улам тиешелүү документтери даяр болбой калгандыгына нааразы болушууда.

Учурда Ошто эки жарым миңге жакын адам ажы сапарына чыгуу үчүн документтерин тапшырып, бирок уюштуруу иштеринин начардыгынан улам виза ачтыра албай калгандыктарына нааразы болушууда. Ажы сапарына аттанууну каалаган адамдардын бир тобу зыяратчылар борборуна чогулушуп, ажы сапарына чыгалбай, же ажы башчылардан акчаларын кайтарып алалышпай жаткандыктарын билдиришти:

- Квотаны Кыргызстанда төрт жарым адамга берген болсо, азыр жети миңдей адам чогулуп калган. Ашыкча болуп кеткен себеби, мисалы Оштон 2 миң эле адам уча турган болсо, ал эми бул жерде 3-4 миң адам жыйып алган. Буга муфтият уруксат бергенден кийин ошолор чечиш керек – дейт ажыга аттанып чыккандардын бири Немат Абабакиров.

Ажылыкка жөнөтүү иштеринде пайда болгон башаламандыктарды муфтияттын өкүлү Жусуп ажы Султанов зыяратка чыгууну каалаган мусулмандардын саны быйыл жылдагыдан көп болгондугу менен байланыштырды:

- Калганына виза чыкпайт, күтүп туруштун кажети жок. Бул жерде турган ажы башчылары, акча топтогон, атанын каймагын жегендер айтыш керек эле, биз эмес. Канчалык ачык болгондо ушунчалык тополоң болбойт эле.

Ал эми 3-4 күн мурун ажы сапарына чыккан кыргызстандык 60 автобус тажик-өзбек чегарасында кармалып калганына бушайман болгон зыяратчылардын жакындары өзбек чегарачыларынын кармап өткөрбөй жатышынын себептери белгисиз болуп жаткандыгын айтышты:

- Өзбек-тажик чегарасындагы Айбек деген жерде зыяратчылар кармалып турат деген кабар алдык, эмнеге экени белгисиз. Ушундай маселелерди өкмөт мамлекеттик деңгээлде чечип койсо болот эле го. Эми алар ажылык кылганга үлгүрбөй калса эмне болот – дейт ажыга аттангандардын жакындарынын бири Сайдулла Умаров.

Анткен менен Ислам кызматташтык уюмунун жетекчиси Садыкжан ажы Камалов зыяратчыларды Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирди:

- Ар бир мамлекеттин өзүнө жараша мыйзамдары бар. Бирок кандай болсо да ажыларга жеңилдик көрсөтүш керек, жардам бериш керек, чегарадан өткөрүш керек, убакыт кыскарып калып атат. Ошон үчүн Алла талаадан тилеп турабыз, жеңилдик кылып, ошол мамлекеттен тезирек өткөрүп жиберсе экен деп тилеп турабыз.

Ислам кызматташтык уюмунун маалыматына караганда, быйыл зыяратчыларды өз аймагы аркылуу өткөрүүдөн Түркмөнстан Республикасы да баш тарткан.
XS
SM
MD
LG