Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Өрттөн сактоо башкармалыгы реформаланууда


БИШКЕК. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы Өрттөн сактоо башкармалыгынын аппараты борбордук аппаратка бириктирилди. Облустук өрттөн сактоо башкармалыктары жоюлуп, Түндүк, Түштүк, Чыгыш аймактык үч башкармалык түзүлдү. Райондордогу 40 өрттөн сактоо бөлүмдөрү менен жарандык коргонуу кызматы биргелешип иш алып барышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан 12-январда билдиришти. Ошондой эле Бишкектеги өрттөн сактоо гарнизонунун кызматкерлерине азык түлүккө каралган Экономика жана каржы министрлиги тарабынан берилбей келаткан 12 млн. сом каражат март айынын соңуна чейин толук берилерин басма сөз кызматынан маалымдашты.

XS
SM
MD
LG