Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

Жаңы бийликке ишеним азайып баратканын укук коргоочулар белгилешүүдө


БИШКЕК. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилованын айтымында, улуттук коопсуздук кызматынын, ички иштер министрлигинин, башкы прокуратуранын жетекчилери өз иштерине караганда саясат менен көбүрөөк алектенүүдө. Ал эми адам укуктарынын бузулушунун, кыйноолордун көбөйүшү элдин бийликке болгон ишеничин азайтууда. Буга укук коргоочу аталган уюм беш кылмыш иши боюнча жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгын мисал келтирди. Адвокат Токторбек Ашыркул уулу өлкөдө коррупциянын күчөшү токтобой, кайра эле өркүндөп жатканын, президенттин өткөн жылдын июль айындагы ИИМ, УКК жана прокуратура органдарынын чарбалык субъектилердин экономикалык ишмердигине кийлигишпөө тууралуу жардыгы иштебей жатканын белгиледи. Ал буга мисал катары коррупция боюнча кылмыш иштери ачылбай жатканын кошумчалады

XS
SM
MD
LG