Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Рим папасынын жеке армиясы – Швейцариялык гвардия 500 жылдыгын белгилөөдө.


Келе жаткан бир нече айдын ичинде бир катар салтанаттарга күбө болобуз. 6-майда папа Бенедикт 16чы атайын месса өткөрөт.
Дүйнөдөгү эң байыркы жана чакан армияга жаңы аскерлерди алуу жыл сайын 6-майда болот.
Салтанаттар бүгүн Ватикандагы Сикстин капелласындагы месса менен башталат. Ага гвардиянын бардык 110 мүчөсү катышат.
Кечинде болсо орто кылымдан бери калган түстүү униформага кийинген 70 жоокер папанын батасын алат.

Айнура Жекше кызы, Прага

XS
SM
MD
LG