Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:30

Т.Тургуналиев: Парламентти таркатуунун башка жолун издешибиз мүмкүн


БИШКЕК. “Эркиндик партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин айтымында Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча “Эркиндик” партиясы топтогон колдун жарымын Борбордук шайлоо комиссиясы паспорттук маалыматтары жок деп жаратпай коюунун өзү негизсиз. Анткени, Кыргызстанда учурда расмий маалыматтар боюнча 400 миңге чукул адамдын паспорту жок. Ал эми парламентти таркатуунун башкача жолун караштыруу керек. Бул маселе “Эркиндик” партиясынын эле демилгеси эмес, мыйзам чыгаруу органын реформалоо боюнча мезгил талабынан келип чыккан маселе.

Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев буга чейин парламентти таркатуу боюнча кол топтогон “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин демилгесин анын Конституциялык укугу катары баалаган.

XS
SM
MD
LG