Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:08

Мухаммад пайгамбардын сүрөтү европадагы чатакты күчөттү


Былтыр даниялык бир гезитте басылган Мухаммад пайгамбардын карикатурасы боюнча чатак азырга чейин токтобой, тетирисинче, күчөп баратат. Ал сүрөттө Мухаммад алайхиссаламдын башындагы селдеси – жардыргыч зат- бомбага окшоштурулуп тартылган эле.
Мусулман дүйнөсү даниялыктардын кадамын катуу сынга алып, Сауд Арапстан менен Сирия өздөрүнүн Даниядагы элчилерин кайра чакыртып алган. Ливия болсо Даниядагы элчилигин такыр эле жаап салды.
Кечээ бул сүрөттү эми Франциянын, Германиянын, Норвегия менен Испаниянын гезиттери да басып чыгышты. Алар муну “басма сөз эркиндигин коргоо жана диний сабырсыздыкка каршы күрөшүү максатында басышканын айтышат. Бирок орусиялык чиркөө жетекчилери бул маселеде мусулмандарды колдой тургандыгын, даниялык журналисттер мусулмандардын намысына тийип, натуура аракет кылышканын билдирди.

XS
SM
MD
LG