Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

Президент К.Бакиев саясий оюндарды токтотуп, экономикалык иштерди алдыга жылдыруу чакырыгын такай айтып келатат. Жума күнкү парламентте чыгып сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчы парламент саясий оюндар менен көбүрөөк алектенип, анткенче шайлоочуларынын жазгы талаа жумуштарына көмөк көрсөтүү керектигин белгиледи. Мыйзам чыгаруу бийлиги өкмөттүн ишине кийлигишип, өзүнүн негизги жумушунан алаксып атканын айтты.

24-марттагы окуялардан кийинки жаңы өкмөттүн алгачкы аракети деле жазгы талаа жумуштарын маалынан кечиктирбей бүтүрүү болчу. Бийликке жаңы келген президент милдетин аткаруучу өкмөт башчынын көңүлүн өйүгөн маселе коңшу өлкөлөрдөн күйүүчү май, үрөн таап келүү жумушу эле.

Бирок да кызуу саясий талаш-тартыштын күүсү быйыл деле өткөн жылдагыдан жанбай, ага конституциялык реформанын арабөк калганы да кошул-ташыл болду окшойт. К.Бакиев 3-февралдагы депутаттар алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө конституциялык реформага ашыгуунун кажаты жоктугун дагы бир жолу ырастады.

- Азыркыдай калтыс шартта саясий оюндар менен гана алектенүү, мыйзам чыгаруу процессин токтотуу жакшы ат алып келбейт,- деп айтты президент К.Бакиев. Анын ырасташынча, парламент саясий оюндардан алыс болушу керек.

- Мыйзам чыгаруу органын, ошондой эле өкмөттү саясий оюндарга аралаштырбайлы. Жогорку Кеңеш жылды бекерге өткөрбөшү керек. Аны менен саясий партиялар аралашып жүрө берсин.

Публистчи Жыргалбек Касаболотов парламент бардык өлкөдө ириде саясий көз караш, кызыкчылыктарды билдирип келген бийлик деп эсептейт. Президент К.Бакиевдин азыркы парламенттин ишине ичи чыкпай жатышынын себеп-жөнү башкада дейт ал.

- Бул тексттин үстүндө саясий технологдор да иштешкен окшойт. Парламенттин талылуу жерин, кемчилигин элдин алдында ачып бериштин эң оңой жолун тандап алып, ошонун үстүндө иштешкен.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин ырасташынча, президент парламент ишмердиги тууралуу айтышка акысы бар, эми ага жоопту мамлекет башчысы да угушу керек. Бийлик бутактарынын кимсинин айткан-дегени, жасаган иши туура экенин калк өзү таразалап алат.

- Парламент эми алардын кемчилин биз да айталы деп жатат. Алар да айтышсын. Аны эл өзү – биз таразалап алабыз. Бу кишинин парламенттин бюджети тууралуу айткан сыны туура. Парламент ачык айтпай, өзүнүн бюджетин жылдан-жылга көтөрүп атканы жашыруун эмес.

Президент улам-улам кайталаган саясий оюндарды токтотуу, экономикага көңүл буруу маселеси да талдай келгенде артынан толгон-токой суроолорду чубалтып ээрчите чыгат. Азырынча өкмөт өзүнүн айкын-ачык экономикалык программасын парламентке сунуштай элек. Быйылкы жылы аткарылчу иштерди аныктап алганы менен келечекте жасала турган, кыйла жылдарга эсептелген, каржылык негизге таянган стратегиялык милдетин тактай элек.

- Администрация стратегиялык иштер менен иштеш керек. Кадр саясатын караш керек. Аны туура жүргүзүш үчүн мамлекеттик агенттик түзүлгөн. Кандайдыр бир система болуш керек да. Ошондой система болгондон кийин гана бизде туура эмес чечимдер жоголот,- деп айтты парламент депутаты Марат Султанов.

Айтса, саясий оюндарды токтотуу чакырыгы улам-улам кайталанган сайын көшөгө артындагы тымызын оюндар күчөп, соңку кездердеги саясий талаш-тартыштардын ортосунда өкмөт башчынын өзү туруп атышы маселе президент К.Бакиев түшүндүргөн жагдайга салыштырмалуу кыйла татаал экени айгинеленип туру.

- Парламент өзү саясий орган болуп туруп кантип саясатты токтотот? Экономикага көңүл буралы деген. Экономиканын да өзүнүн саясаты бар. Экономикага көңүл буралы дегенде эмнеге көңүл бурууну кошо айтыш керек. Өкмөт кандай экономикалык саясатты сунуш кылганын айтып, аны парламент менен акылдашы зарыл. Анын туура-туура эместигин кеңешип аныктай турган саясатты жүргүзүшү туура болмок,- дейт Орозбек Молдалиев.

Байкоочулардын ырасташынча, 24-марттагы бийлик алмашуусунан кийин башталып-башталбай кыйлага маалкатып калган саясий реформаларды өкмөт ыкчам жүргүзбөсө коомдук турмушта азыркыдай башаламандык, бийликтегилер менен карапайым калктын мамиле-катышы көбүнесе сердымак көрсөтүү, басып алуу сындуу мыйзамсыз аракеттер менен коштоло бериши турулуу иш. Башмыйзам реформасын батыл жүргүзүү, бийликтин эл алдында түшүп калган кадыр-баркын көтөрүү үчүн ириде саясий-экономикалык реформаларды эриш-аркак ала жүрүү абзел. Ансыз Кыргызстан саясий башаламандыктан кутула албай, экономиканы көтөрүү чакырыгы ызы-чуунун арасында угулбай калышы ыктымал.
XS
SM
MD
LG