Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

СКАНДИНАВ ӨЛКӨЛӨРҮ СИРИЯДАГЫ ЭЛЧИЛИКТЕРГЕ ЖАСАЛГАН ЧАБУУЛДУ АЙЫПТАШУУДА


Дания менен Норвегия алардын элчиликтерин жакшылап коргой албагандыгы үчүн Сирия өкмөтүн сынга алышты. Кечээ Мухамед пайгамбарга тартылган азил сүрөттөргө нааразы болгон эл аталган эки өлкөнүн Дамаскидеги дипломатиялык миссиялары жайгашкан имаратка өрт коюшкан. Европа биримдигинин учурдагы төрагасы Австрия жана АКШ чабуулду айыпташты. Жекшембиде Даниянын Бейруттагы консулдугунун имараты да өрттөлдү.

Ишембиде Дамаскинин көчөлөрүнө чыккан албууттанган элди айрым диний лидерлер да тынчыта алышкан жок.
Сириянын Ислам Фондусунун өкүлү Зияд ал-Аюби демонстранттарды тарап кетүүгө үндөөгө аракеттенди:

Өзүңөрдүн ой-пикирлериңерди ашыкча билдирдиңер. Өлкөбүздө өкүм сүргөн тынчтыкты, коопсуздукту сактап калыш үчүн, үйлөрүңөргө тарап кеткиле.

Бирок динаятчынын чакырыктарын эч ким укпай койду.

Элчиликтер ал убакытта жабык болгондуктан, чабуулдан эч ким жабыркаган жок.
Даниянын тышкы иштер министри Пер Стиг Мюллер атайын билдирүү жасап, Сирия өз милдеттенмелерин аткарган жок, имараттын корголбой коюшу таптакыр кабыл алынаарлык эмес, - деп басым жасады.
Башка Скандинав өлкөлөрү да окуяга байланыштуу камтамачылыгын билдиришүүдө:

Биз Сириянын өкмөтүнө нааразылыктын ушундай деңгээлге жетишине жол бергенине, чет өлкөдө иштеп жаткан дипломаттарыбызды коргой албагандыгына тынчсыздануубузду жана нааразылыгыбызды билдиребиз, - деди Швециянын тышкы иштер министри Лайла Фрайвалдер.

Мусулмандардын ушундай реакциясын жараткан азил сүрөттөр былтыр сентябрда Даниянын регионалдык гезиттеринин биринде жарык көргөн. Исламда Мухамед пайгамбардын сүрөтүн тартууга жол берилбейт. Анын үстүнө карикатуралардын айрымдарында пайгамбар бомба түрүндө жасалган баш кийимчен тартылган. Бир катар европалык гезиттер, алар өздөрү айткандай, сөз эркиндигин колдоо иретинде сүрөттөрдү көчүрүп чыгарышты. Бул мусулман өлкөлөрүндөгү нааразылыкты ого бетер күчөттү.

Жекшембиде Бейрутта демонстранттар Даниянын консулдугу жайгашкан имаратка өрт коюшту. Буга чейин полиция Даниянын Ливандагы элчилигинин алдында чогулган демонстранттарды жаш чыгаруучу газ, суу бүркүгөн курал колдонуп, таркатууга аракет жасады. Демонстранттар полицияга таш ыргытып, бир нече автомашинаны өрттөп жиберишти.
Ачууланган эл шаардын христиандар байырлаган чөлкөмүндөгү чиркөөнү, христиандарга таандык имараттарды таш баранга алды. Маалыматтарга караганда, 10 чакты киши жарадар болду.

Палестинада демонстранттар Еврошаркеттин кеңселерине таш ыргытышып, нааразылыгын билдиришти. Кээ бир кабарларга караганда, Хамастын лидери карикатуралар үчүн жооптуу адамдар жок кылынышы керек деп үндөдү.
Ооганстандын Мехтарлам шаарында 1 миңге чукул киши чогулуп, тынч жөө жүрүш өткөрүштү.

Анын аралыгында, Рим католик чиркөөсү азил сүрөттөрдүн басылып чыгышын айыптады.
XS
SM
MD
LG